Класс болуп жарышалы, бирге үйрөнөлү.

ZirekLab менен даярдаган суроолоруңузду класста жарыш катары ойнотуңуз же тапшырма катары бериңиз. Окуучулар телефондон PIN же QR-код аркылуу кошулат: тиркеме жүктөөнүн да, аккаунт ачуунун да кереги жок.

Оюнга кошул

Мугалимиңдин экранындагы 6 орундуу PIN-кодду жаз.

  • Тиркеме жүктөөнүн кереги жок, браузерде иштейт
  • Класстагы оюнда 300 окуучуга чейин
  • Телефондо, планшетте жана компьютерде
  • Кыргызча, орусча, түркчө жана англисче; Google аркылуу коопсуз кирүү

Сабакка үч кадамда даяр

  1. Суроолорду кошуңуз

    Word, PDF же Excel файлындагы суроолорду көчүрүп чаптаңыз. ZirekLab суроолорду жана туура жоопторду өзү ажыратат. Кааласаңыз, суроолорго сүрөт кошуңуз.

  2. Окуучулар кошулсун

    Проектордогу QR-кодду скандаган же PIN жазган окуучу бир нече секунддун ичинде оюнга кошулат. Тапшырма үчүн шилтемени WhatsApp тобуңузга жөнөтсөңүз жетиштүү.

  3. Жыйынтыктарды алыңыз

    Оюн бүткөндө ар бир суроо боюнча жетишкендик үлүшү жана окуучулардын тизмеси даяр болот. Отчётту Excel файлына чыгарыңыз же PDF катары сактаңыз.

Мугалимдин ишин жеңилдеткен куралдар

Суроолорду топтоп кошуу

Жүз суроону бирден жазып отурбаңыз. Текстти чаптаңыз же Excel, Google Таблицалар файлыңызды жүктөңүз.

Сүрөттүү суроолор

Карта, график, схема же тактанын сүрөтү. Сүрөттү сүйрөп келиңиз же чаптаңыз, өлчөмүн ZirekLab өзү тууралайт.

Класстагы жарыш

Тез жана туура жооп көбүрөөк упай алып келет. Ар бир суроодон кийин жооптордун бөлүштүрүлүшү жана рейтинг, аягында пьедестал.

Мөөнөттүү тапшырма

Башталыш жана аяктоо убактысын тандаңыз. Суроолор жана жооп варианттары ар бир окуучуга аралаш берилет, мөөнөтү бүткөндө тапшырма өзү жабылат.

Excel жана PDF отчёт

Кайсы суроо кыйын болду, ким жооп бербей калды? Отчёт окуучунун номери менен кошо журналга көчүрүүгө даяр.

Мекемелик аккаунт менен катышуу

Кааласаңыз, мектептин почтасы менен гана кошулууга уруксат бериңиз. Отчётто аты, почтасы жана окуучунун номери көрсөтүлөт.

Окуучуларга эмнеси жагат?

  • Оюн сыяктуу. Ылдамдык үчүн упай, ошол замат жаңыланган рейтинг жана пьедестал класска кызуулук кошот.
  • Жеңил. Телефонун ачат, PIN жазат, лакап атын киргизет. Болду.
  • Адилеттүү. Убакытты жана упайды сервер эсептейт; туура жооп суроо бүтмөйүнчө телефонго келбейт.
  • Өз жыйынтыгын көрөт. Кайсы суроодо жаңылганын билип, жыйынтык карточкасын PDF катары сактайт.
  • Көзгө жайлуу. Ачык жана караңгы тема, чоң баскычтар, ар бир түскө өзүнчө белги.

Тарифтер

Тааныштыруу мезгилинде бардык мүмкүнчүлүктөр акысыз. Бүт мектебиңизде колдонгуңуз келсе, мекемелик лицензия үчүн бизге жазыңыз.

Мугалим

Акысыз

Тааныштыруу мезгилинде

  • Чексиз викторина жана сессия
  • Класстагы оюн жана мөөнөттүү тапшырма
  • Суроолорду топтоп кошуу, сүрөттүү суроолор
  • Excel жана PDF отчёт
Азыр баштаңыз

Көп берилүүчү суроолор

Окуучулар аккаунт ачышы керекпи?

Жок. Окуучулар PIN же QR-код аркылуу, лакап атын гана жазып кошула алышат. Кааласаңыз, катышууну Google аккаунту же мектептин почтасы менен гана чектей аласыз.

Бир убакта канча окуучу кошула алат?

Класстагы оюндун бир сессиясына 300 окуучуга чейин, тапшырмага 1 000 окуучуга чейин кошула алат.

Суроолорду кантип кошом?

Суроолорду бирден жаза аласыз, Word же PDF файлынан көчүрүп чаптасаңыз же Excel файлын жүктөсөңүз да болот. Туура жооптун алдына * коюу жетиштүү. Импорт терезесинде Excel файлынын үлгүсү да бар.

Тапшырма менен класстагы оюндун айырмасы эмнеде?

Класстагы оюнда бүт класс суроолорду проектордон бир убакта көрөт. Ал эми тапшырманы ар бир окуучу сиз белгилеген мөөнөттө өз ылдамдыгы менен аткарат, сиз болсо жүрүшүн ошол замат көзөмөлдөп турасыз.

Маалыматтарыбыз коопсузбу?

Мугалимдер Google аккаунту аркылуу кирет, сырсөз сакталбайт. Отчётторду сессияны ачкан мугалим гана көрөт. Окуучулардан лакап ат гана, аккаунт менен кошулганда аты жана почтасы алынат.

Кайсы түзмөктөрдө иштейт?

Заманбап браузери бар ар кандай телефондо, планшетте жана компьютерде иштейт. Тиркеме орнотуунун кереги жок.

Биз менен байланышыңыз

Мекемелик лицензия, мектебиңиз үчүн тааныштыруу же сунушуңуз барбы? Өзүңүзгө ыңгайлуу жол менен жазыңыз, ошол эле күнү жооп беребиз.

Кийинки сабагыңыз жарыш менен башталсын.

Акысыз баштаңыз